03.06.2019 13:57

Матраимов телевидение аркылуу «Азаттыктын»  иликтөөлөрүнө жооп берет

Матраимов телевидение аркылуу «Азаттыктын»  иликтөөлөрүнө жооп берет

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басарынын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов телевидение аркылуу «Азаттыктын»  иликтөөлөрүнө жооп берет. Бул тууралуу анын сөзүнө таянып, Vesti.kg жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, депутат бүгүн 5-каналда саат 18:00дө көрсөтүлүүчу ток-шоу учурунда журналисттер казып чыккан миллиондордун кайдан келгенин айтып бермекчи.

Эскерте кетсек, 29-майда «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 миллион доллар тууралуу журналисттик иликтөө жасаган. Анда бул ишке Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн катышы бар экени кыйытылган. Бул иликтөө соцтармактарда кызуу талкуу жараткан. 31-май күнү Райым Матраимовдун агасы, депутат Искендер Матраимов журналисттерге кан басымы көтөрүлүп, ооруканада жатканын билдирген.